Site icon Reporter.kg

Бишкекте эскалаторго кыпчылып калган наристе куткарылды

Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде эскалаторго кыпчылып калган наристе куткарылды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 23-июнда Бишкек шаарындагы «Караван» соода борборунда 2021-жылы туулган Н.А. аттуу кыздын буту эскалаторго кыпчылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам түрдө Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, атайы шаймандардын жардамы менен кыздын бутун чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version