Бишкекте «Этномедиа» аттуу онлайн кинотеатр ачылды

Бишкекте «Этномедиа» аттуу онлайн кинотеатр ачылды

Бүгүн, 17-февралда Бишкекте Этномедиа – онлайн кинотеатрынын расмий ачылышы өтүп жатат.

Аталган онлайн кинотеатрдын негиздөөчүсү белгилүү кино режиссёр Сүйүн Откеев.

Иш-чарага Кыргыз кино департаментинен жана маданият өкүлдөрү чакырылган.

«Этномедиа – бул Кыргызстандагы контенти көп эң ири онлайн кинотеатр. Биздин каталогдо кыргыз тилинде 300дөн ашык тасмалар, мультфильмдер жана сериалдар бар. Ошондой эле, «Кыргыз Керемети» улуттук киностудиясынын бардык кинотасмаларын көрө аласыз», — деди Сүйүн Откеев.

Негиздөөчү Откеев мындан ары режиссёрлордун эмгеги баалана турганын айтты.

«Бул тасмаларды ютубдан эле көрүп алабыз дегендер болуп жатат. Учурдагы ютубдагы бардык кинолор өчүрүлүп, Этномедиа онлайн кинотеатрына жүктөлөт», — деп кошумчалады Сүйүн Откеев.

Аземдин алкагында кызыл лента кесилди. Аны режиссёр Эрнист Абдыжапаров, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова, экономист Эмил Үмөталиев жана онлайн кинотеатрдын негиздөөчүсү Сүйүн Откеев кести.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>