2020-жылдын 20-февралында Бишкекте эл аралык спикерлердин катышуусунда Меймандостук индустриясын өнүктүрүү боюнча масштабдуу форум (HIDF) өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганын «Акчабар» жазды.
Форум эки сессиядан турат: отелдер жана ресторандар үчүн.
Үч кошумча аянтча коюлат:
«Бизнес академиясы»- алдыңкы эл аралык жана бизнес-тренерлеринин чыгуулары үчүн;
«Көргөзмө»- бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жана бул тармактын алдыңкы шериктештери үчүн;
«Жашыл экономиканы өнүктүрүү» — эксперттердин интерактивдүү сессиялары үчүн.