Бишкекте «Ганбей» түнкү клубу карантинге карабай иштеп жатканы аныкталды

Бишкекте «Ганбей» түнкү клубу карантинге карабай иштеп жатканы аныкталды

Бишкекте «Ганбей түнкү клубу карантинге карабай ишин улантып жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу борбор калаанын администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук мобилдүү командасы кечээ, 17-майда түнкү рейд уюштурушкан. Рейд учурунда «Ганбей» түнкү клубунун иши дароо токтотулуп, протокол түзүлгөн. Анда физикалык жактар 3 миң, юридикалык жактар 13 миң сомдон айып пул төлөшү керек.

«Карантинге карабай ишин улантып жаткан «Ганбей» түнкү клубунда кардарлар эс алып жатышкан», — деп жазылат Бишкек мэриясынын маалыматында.

Ушул жылдын 25-мартынан баштап Кыргызстанда коронавирус жайылып жаткандыгына байланыштуу бардык тойкана, тамактануучу, көңүл ачуучу жайлардын иши токтотулган. Алардын иши качан жанданат азырынча белгисиз.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>