Site icon Reporter.kg

Бишкекте «Хонда-Одиссей» унаасын уурдаган жаран камакка алынды

Борбор калаанын милициясынын ыкчам кызматкерлери унаа уурдоого шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Милицияга арыз менен кайрылган жабырлануучу 3-декабрь күнү түштөн кийин Сухомлинов көчөсүндөгү үйүнүн короосунан «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин айткан. Уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголду», — деп айтылат маалыматта.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын шаардык милициясынын экинчи бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери 40 жаштагы шектүүнү таап, кармашкан. Ленин райондук сотунун чечими менен шектүү СИЗО-1ге 20 суткага камакка алынды. Уурдалган унаа Ленин районунун аймагынан табылып, ээсине кайтарылып берилди.

Exit mobile version