Site icon Reporter.kg

Бишкекте ичүүчү суу дагы чыкпай калды

Электр жарыгы өчүрүлгөндүктөн бишкектиктер муздак суусуз калышты. Маалыматты “Бишкексууканал” ишканасынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, суу сордурулуп, абоненттерге электр насосторунун жардамы менен берилүүдө.

Ош, Жалал-Абад, Каракол, Баткен, Чүй, Талас облустарында жарык өчүрүлдү.

Энергетика министрлиги Борбордук Азияда автоматика иштегендиктен электр энергиясы системалык түрдө өчүрүлгөнүн билдирди.

Exit mobile version