Site icon Reporter.kg

Бишкекте интернеттеги билдирүүсү үчүн 43 жаштагы жаран камакка алынды

Бишкекте 43 жаштагы жаран интернетте тараткан билдирүүсү үчүн аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-июнь күнү соцтармактарда мониторинг жүргүзүлгөн. Анда интернет тармагында asanov_live аты менен чыккан жаран жеке баракчасында коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана массалык баш аламандыктарга алып келүүчү сөздөрдү айтып, коомчулукта
резонанс жараткан маалымат жарыялаганы аныкталган.

Бул факты тергөөгө алынып, ар тараптуу диний жана лингвистикалык экспертиза дайындалган.

Экспертизанын жыйынтыгынын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор
аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөөнүң жыйынтыгында, 43 жаштагы К.М., аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Бишкек шаардык милициясы жарандар жеке социалдык баракчаларда адеп-ахлактын нормаларын бузган, коомчулукта резонанс жараткан маалыматтарды жарыялаган учурда мыйзамдарга ылайык жоопко тартыларын эскертти.

Exit mobile version