Site icon Reporter.kg

Бишкекте iPhone менен 450 доллардан ашык акча уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте уурулук жасоого шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-августта милицияга Б.А. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү Турусбеков көчөсүндөгү үйдөн Д. аттуу чала тааныш аял 400 доллар, 6 миң сом акчасын (жалпы 468 доллар) жана iPhone 11 Pro телефонун уурдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 27 жаштагы К.Д. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version