Бишкекте ишемби жана жекшемби күндөрү коомдук транспорттор токтотулат

Бишкекте ишемби жана жекшемби күндөрү коомдук транспорттор токтотулат

Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй менен Ош облустарында коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу базарлар менен коомдук тамактануучу жайларды жана коомдук транспортту катуу көзөмөлдөө керек. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Жыйында COVID-19дун мындан ары жайылуусун алдын алуу үчүн Бишкек шаарындагы жана өлкө аймактарындагы базарлар эпидемиологиялык кырдаалга жараша мезгил-мезгили менен дезинфекцияланып турары айтылды.

Ошондой эле борбор калаада ушул аптанын ишемби күнү түштөн баштап жана жекшемби күнү толугу менен коомдук транспорттордун жүрүүсүнө чектөө киргизилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>