Site icon Reporter.kg

Бишкекте иттер кемирип кеткен эркек кишинин сөөгү табылды

Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында иттер кемирип кеткен эркектин сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, адамдын денесинде зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөндүн белгилери жок.

Учурда милиция жарандын өздүгүн тактап жатат. Тергөөгө чейинки текшерүү башталып, анын алкагында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version