Site icon Reporter.kg

Бишкекте изделип жаткан 16 жаштагы кыз табылды

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан кыз аман эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Ленин райондук ички иштер башкармалыган маалымдашкандай, 17-сентябрда саат 18:00 чамасынды жашы жетелек өспүрүм кыз шаардын Октябрь районунун аймагынан табылган.

Ал 14-сентябрда саат 07:00 чамасында үйүндөгүлөр менен уруша кетип, үйүнөн чыгып кеткен.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда милиция кызматкерлери иштин бардык жагдайларын иликтеп жатышат.

Exit mobile version