Бишкекте дайынсыз жоголду делинип изделип жаткан 16 жаштагы Майрам Бейшембекова табылды. Бул тууралуу анын туугандары кабарлады.
“Бүгүн 28-сентябрда, эрте менен кызыбыз милиция кызматкерлери тарабынан табылды. Ал бир-эки жолу сабактан себепсиз качкадыгы билинген соң ата-энесинен коркуп курбусунун үйүнө качып кеткен экен”, — деди анын жакындары.
Ал 27-сентябрь күнү кечки саат 19:30дар чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп туугандары жана Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан изделип жаткан.