Site icon Reporter.kg

Бишкекте изделип жаткан 16 жаштагы кыз табылды

Бишкекте дайынсыз жоголду делинип  изделип жаткан 16 жаштагы Майрам Бейшембекова  табылды. Бул тууралуу анын туугандары кабарлады. 

“Бүгүн 28-сентябрда, эрте менен  кызыбыз  милиция кызматкерлери тарабынан табылды. Ал бир-эки жолу сабактан себепсиз качкадыгы билинген соң ата-энесинен коркуп курбусунун үйүнө качып кеткен экен”, — деди анын жакындары. 

Ал 27-сентябрь күнү кечки саат 19:30дар чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп туугандары жана Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан изделип жаткан.

Exit mobile version