Site icon Reporter.kg

Бишкекте көпүрөнүн алдынан аялдын жансыз денеси табылды

Бишкекте Кийизбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде көпүрөнүн астынан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

112 кызматына Ички иштер министрлигинин кызматкерлери аялдын жансыз денеси жатканы боюнча билдирип, телефон чалышкан. Сөөктү алып чыгуу иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаарындагы 5 куткаруучу тобу тартылды.

Бул окуя боюнча иш аяктагандан кийин, сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

 

Exit mobile version