Site icon Reporter.kg

Бишкекте күндүз иштеген стационарлардын даректери жана контактары

Бишкек шаарында 4 күндүзгү стационар борбору ачылып, оорунун жеңил жана орточо оор абалы менен ооругандарга керектүү медициналык жардам берип жатышат. Республикалык ыкчам штабдын билдирүүсүнө ылайык, алар саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин иштешет.

1) Биринчи май району (Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосу)
Тел: 0 550 03-73-12
150 койка-орун даярдалып, жалпы 587 адам кайрылган, алардын ичинен: капельница жана тийиштүү медициналык жардамды алгандар – 570, кеңеш алгандар – 14, стационарга жаткырылгандар – 3 адам.

2) Ленин району («Газпром» Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси)
Тел: 0 550 04-43-12
90 койка-орун даярдалып, жалпы 362 адам кайрылган, баардыгына тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

3) Свердлов району (Р. Санатбаев атындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси)
Тел: 0 550 04-23-12
150 койка-орун даярдалып, жалпы 265 адам кайрылган, алардын ичинен: капельница жана тийиштүү медициналык жардамды алгандар – 122, кеңеш алгандар – 140, стационарга жаткырылгандар – 1 адам. Тилекке каршы, 2 адам каза болду.

4) Октябрь району (12-кичи районундагы чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты)
Тел: 0 550 03-93-12
140 койка-орун даярдалып, жалпы 520 адам кайрылган, алардын ичинен: капельница жана тийиштүү медициналык жардамды алгандар – 503, кеңеш алгандар – 14, стационарга жаткырылгандар – 2 адам. Тилекке каршы, 1 адам каза болду.

Exit mobile version