Бишкекте күндүзгү стационарлар даярдалды. Даректер

Бишкекте күндүзгү стационарлар даярдалды. Даректер

COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясы күндүзгү стационарларды даярдады. Бул тууралуу калаа бийлигинин маалымат кызматы билдирди.

Даректер:

Ленин району:

№96 мектеп  (Ак-Ордо ж/к) 30 койко-орундук;

№95 мектеп (Жал кичи району) 50 койко-орундук.

Биринчи май  району:

81 мектеп ( «Ак-Босого» ж/к,  Профессор Зима көч,  262) 40 койко-орундук;

№69 мектеп (Айни көч, 13) 120 койко-орундук.

Октябрь району:

№39 мектеп (кичи район №6-4/1) 50 койко-орун; 

№63 (кичи район №11-9/1)  40 койко-орун.

Свердлов району:

№4 мектеп (Атай Огомбаев көч, 207) — 50 койко-орундук;

№ 65 лицей — 60 койко-орундук.

Борбордун мэриясынын билдирүүсүнө караганда, кычкылтек концентраттары жетиштүү санда, керек болгон учурда стационарларга жеткирилип турат. Ошондой эле бардык стационарларда дары-дармектердин жана жеке коргонуучу каражаттардын камы көрүлгөн. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>