Бишкекте көп кабаттуу үйдөн 19 жаштагы кыз секирип кетти

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн 19 жаштагы кыз секирип кетти

Кечээ, 15-январда Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 4-кабатынан 19 жаштагы кыз секирип кетти. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя кечээ саат 19:00 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан 5 кабаттуу үйдө орун алган.

«4-кабаттан секирип кеткен кыздын аты-жөнү  М.С. болгон. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу менен «Тез жардам» кызматы дагы барган. Учурда кыз Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда», — деп жазылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>