Site icon Reporter.kg

Бишкекте кафе өрттөндү

Бишкек шаарынын Үмөталиев жана Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишинде электр калканынан чыккан өрт жанаша жайгашкан кафеге жабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Кырсык болгон жерге 2 өрт өчүрүүү бөлүм тартылып, өрт саат 21:56да чектөөгө алынган.

“Өрттүн толук өчүрүлүшү боюнча маалымат кийин берилет”, —  дейт ӨКМнын басма сөз кызматы.

Exit mobile version