Site icon Reporter.kg

Бишкекте кафеден чыккан бойдон дайынсыз болгон кыз табылды

Бишкекте изделип жаткан 16 жаштагы Айсулуу үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы маалымдады.

Маалыматка караганда, кыздын ата-энеси 25-августта саат 21:00дөр чамасында кызы аман-эсен үйүнө келгенин билдиришкен.

Буга чейин 24-августта шаар тургуну Н.Г. милицияга кайрылып, 2006-жылы туулган кызы Каныбек кызы Айсулууну табууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. Ал 23-августта 20:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы «Баткен» кафесинен чыккан бойдон үйүнө барган эмес.

Учурда милиция иш боюнча бардык жагдайларды иликтеп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version