Бишкекте кайгуул кызматкерин унаасынын капотунда сүйрөп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 22-январда болжол менен сат 16:30-дарда номери жок Lexus’ту айдаган айдоочу Москва көчөсү менен баратып, Айтматов проспектисине жеткенде карама-каршы тилкеге чыккан. Аны кайгуул кызматкери токтоткон. Бирок айдоочу баш ийбей, алдында турган кайгуул кызматкерин капотуна сүйрөп, аны жерге кулатып качып кеткен.
Кайгуул кызматкери ооруканага жеткирилген.
Аталган факт боюнча «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Иликтөө-издөө иштери учурунда качып кеткен айдоочунун унаасы табылып, өздүгү аныкталган. Ал 26 жаштагы А.Т. болуп чыккан.
Бүгүн, 23-январда ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда иликтөө иштери уланууда.