Бишкекте кайрадан банк тонолду. Окуянын видеосу

Бишкекте кайрадан банк тонолду. Окуянын видеосу

Бишкек шаарында эки адам Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Керемет” банктын филиалын тоноп кетишти.  Бул тууралуу шаардык милииянын басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 12-июнь күнү түшкү саат 13:00 чамасында болгон.

Интернетке тарап жаткан видеодо беткапчан эки киши банкка кирип келип, кызматкерлерге тапанча такап, кассадагы акчаны эки минутага жетпеген убакытта алып кетишкен.

Бишкек шаардык милициясы бул факты боюнча «Каракчылык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин баштап, кылмышкерлерди кармоо үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Тонолгон акчанын так саны айтыла элек.

Айрым басылмалар күч тармагындагы жеке булактарына таянып, 2 млн сомго жакын акча каракталганын жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, 26-ноябрь күнү эрте менен Бишкектеги Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги “ЭкоИсламикБанктын” филиалынан 1,5 миллион сомго жакын акча тонолгон.

Ички иштер министрлиги бул кылмыш иштин бетин эмдигиче ача элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>