Site icon Reporter.kg

Бишкекте Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатат

Бишкекте «Учкун» ишканасынын жанында (Кулатов жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде) кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатат. УКМК  атайын операция жүрүп жатканын гана таксыктап, кошумча маалымат берүүдөн баш тартууда.

Күбөлөрдүн айтымында, жеринде күч органдарынын кызматкерлери жана техникасы турат. Алгач ок атышуу болуп, бир аздан кийин Тез жардам кызматынын үч унаасы келген.

Окуя болгон жер курчоого алынып, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана ички иштер министринин орун басары Эркинбек Аширходжаев жүрөт.

«Мындай учурда министрге чалат. Андыктан барып мен барып өзүм көрүп кеттим. Дарыгерлер иштеп жатышат. Жарадар болгондор жана башкалар боюнча менде маалымат жок», — деди ал Reporter.kg’ге. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version