Site icon Reporter.kg

Бишкекте кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды

Бишкек шаарындагы кампалардын биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, М.Ауэзов жана Исакеев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана Штаб тартылган. Кампадан чыккан өрт саат 09:38де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатканы айтылат.

Exit mobile version