Site icon Reporter.kg

Бишкекте каналдан 40 жаштардагы эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкекте каналдан белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-августта Патрис Лумумба көчөсүндөгү Чоң Чүй каналынан азиат түспөлүндөгү, жашы болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, соттук медициналык экспертиза дайындалган. 

Учурда териштирүү иштери башталган.

Exit mobile version