Site icon Reporter.kg

Бишкекте каракчылыкка шектелип 27 жаштагы жигит кармалды

Бишкек шаарында каракчылык кылууга шектелип, 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

2024-жылдын 2-ноябрында Ленин райондук милициясына О.Б аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал Кулиев-Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар аны учтуу нерсе менен коркутуп, андан соң «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаага салып, Жал кичи районуна алып барганын, ал жерден анын 33 миң сомдук iPhone 11 Pro смартфонун ээлеп алышып, окуя болгон жерден качып кетишкенин билдирген.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип 1999-жылы туулган А.Б., кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ленин райондук соту шектүүгө карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version