Бишкекте батирге мыйзамсыз кирип, 704,8 миң сом уурдоого шектелип Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл 2-майда Ч. Айтматов проспектисиндеги көп кабаттуу үйдөгү батирге белгисиз адамдар кирип, 704,8 миң сомду уурдап кеткен. Аталган факт боюнча үйдүн ээси милицияга кайрылган.
Арыздын негизинде милиция Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 42 жаштагы М.Т. аттуу Казакстандын жараны кармалган. Ал буга чейин уурулук фактылары боюнча соттолгондугу белгилүү.
Учурда шектүү сот тарабынан №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынган.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр таркандар болсо же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0 559 102 855 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз