Бишкекте кеңсеге ууруга кирген жаран кармалды

Бишкекте кеңсеге ууруга кирген жаран кармалды

Бишкекте кеңселердин бирине кирип, уруулук кылган жаран кармалды. Мындай маалыматты патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда 11-январь күнү Бишкек шаарынын тургуну Б.С. арыз менен кайрылып, кеңсесине кирип чөнтөк телефонун жана башка керектүү буюмдарын көтөрүп кеткенин билдирген.

«Арызда 11-январь күнү белгисиз адамдар Токтогул көчөсүндө жайгашкан кеңселердин бирине кирип, арыз ээсине таандык буюмдарды жана уюлдук телефонун уурдап кетишкени жазылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам иликтөө тобу кылмышка шектүүнүн изин суутпай кармашкан. Ал 37 жаштагы М.А. аттуу жаран болгон. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери башталды», — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>