Site icon Reporter.kg

Бишкекте Кенжебек Ибрагимов 10 күндөн бери дайынсыз болууда

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 44 жаштагы Кенжебек Ибрагимов изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-майда милицияга Кенжебек Ибрагимовдун жубайы кайрылып, күйөөсү ошол эле күнү болжол менен саат 18:30да Марат Казиев көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Аталган факт милицияда каттоого алынган.

Белгилери: орто дене түзүлүштө, көзү күрөң, чач кара

Кийген кийими: көк жинсы, боз түстөгү жакалуу футболка, көк чыптама, күрөң түстөгү бут кийим

Милиция дайынсыз болуп жаткан Кенжебек Ибрагимовду көргөндөр болсо, 0(312) 352-949, 0(703) 401-600, 0(554) 606-000, 0(777) 869-797 же 102 номерлеринин бирине кабар берүүсүн суранат.

Exit mobile version