Site icon Reporter.kg

Бишкекте киши тоногон эки жаран колго түштү

Бишкекте тоноо фактысына шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу милицияга кайрылып, 2022-жылдын 24-мартында Бишкектин борборунда ага кол салып, Redmi 9A үлгүсүндөгү телефонун, 17 500 сомун тартып алып, изин жашырып кеткен эки адамга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси «Каракчылык» боюнча кылмыш иши козголду. Укук коргоо кызматкерлери эки шектүүнү таап, кармашкан. Ленин райондук соту аларды Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге бир айга отургузган. Учурда кармалгандардын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Exit mobile version