Site icon Reporter.kg

Бишкекте «Көчмөн сыры» эл аралык кол өнөрчүлөр форуму өтөт

20-21-декабрь күндөрү «Көчмөн сыры» эл аралык кол өнөрчүлөр форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, форумдун расмий ачылыш аземи 20-декабрда саат 12:00до Улуттук тарых музейинде өтөт.

«Анда Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин комиссиясынын чечими менен аныкталган Ысык-Көл облусу «Боз үй мекени», Нарын облусу «Шырдактын мекени» наамдары тапшырылат. Наамдарды Азия-Тынч океан аймагы боюнча кол өнөрчүлөр кеңешинин вице-президенти Азиз Муртазаев салтанаттуу түрдө тапшырмакчы», — деп билдирет министрлик.

Ал эми бүгүн, 19-декабрда Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Көчмөн сыры» эл аралык кол өнөрчүлөр форумунун көргөзмөсү ачылган.

Форумдун иши, 21- декабарь күнү, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде илимий-практикалык конференция менен уланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version