Site icon Reporter.kg

Бишкекте көчөдө аялдын сабалышы боюнча текшерүү башталды (видео)

Бишкектин көчөлөрүнүн биринде эркек киши аялды сабап жатканы тартылган видеонун негизинде тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Бул тууралуу 8-августта Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Байтик Баатыр-Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Бул факты каттоого алынып, видеодогу адамдардын өздүгү такталууда.

Ошондой эле, милициядан эч ким арыз менен кайрылбаганын кошумчалашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version