Site icon Reporter.kg

Бишкекте көчөдө мурунку аялын сабап жаткан киши милицияга жеткирилди

Бишкек шаарында көчөдө мурунку аялын сабап жаткан киши милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-сентябрда саат 15:30 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын “102” кызматына эркек киши аялды сабап жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факт Свердлов РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ошол замат Бишкек ШИИБдин кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан, анда 1990-жылы туулган А.Ү.., 1988-жылы туулган мурунку аялы А.З., менен уруша кетип, аялды сабап жаткандыгы аныкталган.

Бишкек ШИИБдин тергөө кызматына 1990-жылы туулган А.Ү., аттуу жаран алынып келинген. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен А.Ү.га карата чара көрүү максатында аталган факт боюнча материалдар Свердлов РИИБнин Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилип, жаранга карата протокол түзүлгөн.

Белгилеп кетсек, денесинен алган жаракаттары боюнча жаран А.З. арыз жазган. Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып,  тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version