Site icon Reporter.kg

Бишкекте көчөдө жаранды бычактап кетишкен. Шектүү кармалды

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда эркек кишини бычактап кетүүгө шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардын Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, кечээ, 18-июнда 102 кызматына  7-кичи районунун короосунда адам бычакталганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Октябрь РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, аталган фактыны такташкан.

42 жаштагы жабырлануучуга (эркек киши) биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ошондой эле бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «өзгөчө мыкаачылык менен бейбаштык максатта адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөөнүн жүрүшүндө 32 жаштагы Т.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Exit mobile version