Бишкекте коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү

Бишкекте коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү

Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал режиминдеги коменданттык сааттын режими узартылды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Анда айтылгандай, өзгөчө абал учурунда коменданттык саат 22:00дөн 05:00гө чейин бардык жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга тиешелүү болот.

Ал эми шаар турмушун иретке келтирүүгө салым кошуп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге тиешелүү эмес экендиги айтылат.

Учурда Бишкек шаарынын комендантынын тиешелүү буйругу даярдалууда.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына 9-октябрдан тартып өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгарган. Жогорку Кеңеш президенттин жарлыгын парламент жыйынында карабагандыктан үч күндөн кийин өзгөчө абалдын мөөнөтү аяктары айтылып жаткан.

Бирок, Сооронбай Жээнбеков 12-октябрь саат 20.00дөн 19-октябрь саат 07.00гө чейин Бишкек шаарынын аймагына кайтадан өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.

сүрөт: reuters

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>