Бишкекте комендаттык саат учурунда терминал уурдагандар үй камагына чыгарылды

Бишкекте комендаттык саат учурунда терминал уурдагандар үй камагына чыгарылды

Бишкекте терминал уурдаганга шектелип кармалган 3 жаран үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, шаардын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан терминал 6-апрелде түнкү саат экиде уурдалган.

Бул факты боюнча шектүү катары 1997-жылы туулган М.К., 1990-жылы туулган К.Ш. жана 1991-жылы туулган Ж.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Уурдалган терминалдын баасы 1,5 миң долларлык экенин жана анын ичинде  61 миң 500 сом суммасындагы акча каражаты болгонун 9-апрелде борбордун комендатурасы билдирген болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>