Site icon Reporter.kg

Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштөөдө

Бишкек шаарында бүгүн, 3-майда коомдук транспорт штаттык режимде иштөөдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө таянсак, социалдык тармактарда маршруттук таксилердин айдоочулары бааны көтөрүү үчүн митинг өткөрөт деп такталбаган маалымат таркаган.

Учурда борбор калаада абал тынч. Тийиштүү мекемелердин кызматкерлери коомдук транспорттордун айдоочулары менен жетекчилерин чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө жана коомдук тартипти бузбоого чакырып, профилактикалык иштерди өткөрүп жатканы айтылат.

Exit mobile version