20-августтан тарта Бишкектин социалдык-экономикалык иш-аракеттерине, анын ичинде дем алыш күндөрү коомдук транспорттун ишин калыбына келтирүүгө айрым өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Азыр автобус, троллейбус жана микроавтобустар ошол эле график боюнча иштешет — дем алыш күндөрү — 7:00дөн 11:00гө чейин жана 14:00 — 23:00гө чейин. Дезинфекциялык тыныгуу саат 11.00дөн 14.00гө чейин.
Ошондой эле, кафе, ресторан жана башка тамактануучу жайлардын иштөө графиги узартылды. Эми бул мекемелер 7: 00дөн 0: 00гө чейин иштей алышат.
Супермаркеттер, дүкөндөр жана соода борборлору дагы 7: 00дөн 00: 00гө чейин иштейт.
Андан тышкары, сейил бактар, аянттар, бульварлар барууга чектөөлөр алынып, велосипедди ижарага алуу пункттарынын иштешине уруксат берилген.
Көңүл ачуучу жайлардын жана балдар аянтчасынын иш-аракеттерине дагы эле тыюу салынганы белгиленди.