25-майдан тарта Бишкекте коомдук унаалар иштеп баштайт. Бул тууралуу брифинг учурунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
«Автобустар жана троллейбустар, иштей баштайт. Аралыкты жана санитардык ченемдерди так сактоо боюнча катаал талаптар коюлат. Жүргүнчүлөрдүн баары беткап тагынууга милдеттүү”, — деп билдирди Боронов.