Бишкек шаарынын «Дордой-2» конушунда жаңы төрөлгөн эки ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Табылган өлүктөр тууралуу маалымат милицияга 12-майда келип түшкөн.
«Дордой-2 жаңы имаратында көпүрөнүн астынан балдардын сөөгү табылган. Керектүү экспертизалар дайындалды. Окуя Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында болгондугуна байланыштуу материалдар аталган бөлүмгө өткөрүлүп берилет», — деп билдирди райондук милиция.