Бишкекте коронавирус дагы 2 бейтаптын өмүрүн алды

Бишкекте коронавирус дагы 2 бейтаптын өмүрүн алды

Бишкек шаарында COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, инфекция башталгандан бери өлкө аймагында коронавирустан жалпы 1473 киши көз жумган.

Соңку сутка ичинде 2125 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлүп, 33 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды. Жаңы учурлар Ош, Баткен, Чүй жана Талас облустарында катталган эмес.

Ал эми COVID-19 U07.1  жана U07.2 илдеттен 45 бейтап сакайган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>