Site icon Reporter.kg

Бишкекте коронавируска чалдыккан канча бала ооруканада жатат?

Бишкектеги Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында 32 бала дарыланууда. Бул саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 8-майда бирифингде  билдирди.

Анын айтымында балдардын абалы канааттандыраарлык, оор абалда жаткандары жок. Буга чейин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан оору жугузуп алган балдар дагы жугуштуу илдеттер  ооруканасына которулган.

8-майга карата дагы коронавирус жуккан 11 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын жалпы саны 906 адамга жетти. Алардын ичинен 650 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Exit mobile version