Өткөн суткада дагы бир адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
“Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында 56 жаштагы бир аял көз жумду”, — деп айтылат билдирүүдө.
28-июнга чейин өлкөдө коронавирус жуктуруп алып каза тапкандардын жалпы саны 47ге жетти.