Бишкекте коронавирустун жаңы 123 учуру катталып, 1 бейтап каза болду

Бишкекте коронавирустун жаңы 123 учуру катталып, 1 бейтап каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 139 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 4380 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлүп, Бишкек шаарында оору көп аныкталса, Ош шаарында Баткен, Ош жана Талас облустарында катталган эмес. Ошондой эле инфекция 3 медицина кызматкеринен табылган.

Алар:

Бишкек шаарында – 123;

Чүй облусунда – 9;

Ысык-Көл облусунда – 3;

Нарын облусунда – 1;

Жалал-Абад облусунда – 3.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 107 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 89 миң 153 адамдан аныкталоды. Анын ичинен 85 миң 271 бейтап айыгып, 1 миң 507 киши каза болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>