Бишкекте кош бойлуу дарыгер кол салууга кабылып, ооруканага түштү — видео

Бишкекте кош бойлуу дарыгер кол салууга кабылып, ооруканага түштү — видео

Бишкектеги №3 балдар ооруканасына келген аял кош бойлуу дарыгерге кол салып, анын кесепетинен дарыгер ооруканага жаткырылды. 

Бул маалыматты Reporter.kg`ге аталган оорукананын атын атагысы келбеген башка дарыгери ырастап, окуя 21-январь күнү саат 14:20 чамаларында болгонун айтты.

“Ооруканага 4 жашар баласы бар аял келген. Дарыгер анын баласын көрүп, өтүшүп кеткен ангина диагнозун койгон да биздин оруканага эмес, Жугуштуу илдеттер ооруканасына жөнөтмөй болгон. Анткени балынын тамагы ириңдеп кеткен экен, ал башка балдарга жукмак. Бирок аял ачууланып, буз ушул жакта эле дарыланып жүргөнбүз деп ызы-чуу кылып, термометрди, столдун үстүндөгү шаймандарды ыргытып жиберди. Ошол учурда башка кош бойлуу дарыгер жинденген аялга кайрылып, “медициналык шаймандарды эмнеге ыргытасыз?” деп эскертүү берди. Ошондон кийин ал кош бойлуу дарыгерге атырылып баштады. Анан дарыгер  телефонго тартып баштаса күчөп кетти ага да кол көтөрүп, курсагына уруп, телефонун талкалап салды. Андан соң дарыгер милицияга кайрылды. Ал беш жарым айлык боюнда бар болгондуктан ичи ооруп, ооруканага жаткырылды”, — деди атын атагысы келбеген жабырлануучунун кесиптеши.

Белгилей кестек, жакында эле  №3 балдар ооруканасынын дарыгери Чолпон Рысбекова жаш келинден сөгүү угуп, кол салууга кабылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>