Site icon Reporter.kg

Бишкекте көзү азиз жарандарга англис тили акысыз үйрөтүлөт

Касымалы Баялинов атындагы китепканада азиз жана көрүү жөндөмү начар жарандарга англис тилин акысыз үйрөтүү курсу башталды. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган долбоорду “Камкор” инклюзивдик билим берүү борбору уюштурууда. Ал 2019-жылы АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ачылган.

“Курстарга жазылуу  ушул жылдын июнь айына чейин уланат”, — деп айтылат маалыматта.

Окуу борборунда төмөндөгү багыттар боюнча курстарга жазылууга болот:

Кошумчалай кетсек, “Камкор” инклюзивдик билим берүү борбору мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын жабдуулар менен камсыз болгон өлкөдөгү биринчи борбор. 2019-жылы АКШ элчилиги борборду оңдоп-түзөө жана ыңгайлаштыруу, өзгөчө муктаждыктары бар адамдар үчүн жабдууларды жана китептерди сатып алууга 37 250 доллар бөлгөн.

Аталган инклюзивдик окуу борбору ар кандай программаларды, анын ичинде англис тили боюнча сабактарды, коддоо жана келечекте киреше алып келе турган башка кесиптик көндүмдөрдү акысыз үйрөтүп келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version