Site icon Reporter.kg

Бишкекте кумарканаларды ачууга каршы митинг өттү

Бүгүн, 16-майда Бишкек шаарында Ак үйдүн алдында кумарканаларды ачууга каршы митинг болуп өттү.

Катышуучулар митингге өлкөдөгү райондордон бирден өкүл келишкенин айтып, жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү кумарканаларды ачууга каршы экендиктерин билдиришти.

Буга чейин Жогорку Кеңеш кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп, ага 56 депутат макул, 13 депутат каршы добуш берген.

Президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге берген маектеринде мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришкен.

Exit mobile version