Бишкекте кумаркананын ачылышына каршы тынчтык митинги өтөт

Бишкекте кумаркананын ачылышына каршы тынчтык митинги өтөт

Кумарканалардын ачылышына каршы «Арамда пайда жок» аттуу тынчтык митинги өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар социалдык тармакка жарыялады.

Маалыматка ылайык, нааразычылык акциясы Максим Горький атындагы паркта, 29-апрелде саат 15:00дө өтөт.

Белгилей кетсек, 21-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көл облусунда казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты. Президент Садыр Жапаров «Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзам долбоорун колдой турганын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>