Бишкек шаарында «ИГИЛ» террористтик уюмунун мүчөсү уюштурган курал-жарак жана ок-дарылар катылган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, шаардык милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкектеги курулуп бүтө элек үйлөрдүн биринен курал-жарак жана ок-дарылар катылган жашыруун жайды аныкташкан.
Алынган маалыматтар боюнча, жашыруун жай «ИГИЛ» террористтик уюмунун жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, ИИМдин атайын каттоосунда турган 44 жаштагы Ж.Т. ( «Тоха» каймана аты менен белгилүү) тарабынан уюштурулган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөөнүн жыйынтыгында, атайын металл издөөчү техника менен төмөндөгү курал-жарактар табылып, алынган:
• 3 даана тротил шашкасы,
• Сериалык номери жок, октолбогон 9 мм калибрдеги Макаров тапанчасы (ПМ),
• 5 даана кол граната,
• Ар түрдүү калибрдеги 500дөн ашуун ок-дарылар,
• Р.А. аттуу жаранга таандык күбөлүк,
• 2023-жылы ликвидацияланган К.Асанбек (Колбаев К.А.), анын жансакчысы жана Ж.Т. (каймана аты Тоха) менен бирге түшкөн түстүү сүрөт.
Бишкек ШИИББи ИИМдин маалыматына таянып, Ж.Т. 2015-жылы Панфилов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги атайын операция маалында ИГИЛ террористтик-экстремисттик тобунун мүчөлөрүнүн курамында ликвидацияланганын кошумчалады.