Site icon Reporter.kg

Бишкекте Курман айт намазы окулууда

Бүгүн Кыргызстанда мусулмандардын Курман айт майрамы. Буга байланыштуу шаар тургундары жана коноктор Курман айт намазын окуу үчүн Борбордук аянтка чогулушту.

Намаз башталганга чейин дин аалымдары мусулмандарга баяндарды жана куттуктоо сөздөрүн айтышты. Андан соң Кыргызстндын мусулмандарынын муфтийи Максатбек Токтомушев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Бийлик жетекчилеринен президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуп берди. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Айт намазга өздөрү келип куттуктоо сөздөрүн айтышкан соң намаз башталды.

Курман айт мусулмандардын ири майрамы болуп саналат. Аны белгилөө күнү айдын чыгышына карап аныкталат. Быйылкы майрам 11-августка туш келди.

 

Exit mobile version