Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча жаңы стадиондун курулушу үстүбүздөгү жылдын август айында башталат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
«Стадион борбор калаанын түштүк-батыш тарабында курулат. Ал 22,5 миң кишилик заманбап көп функциялуу спорт аянтчасы болот. Стадионду бул жаатта көп жылдык тажрыйбасы бар Европадан келген компания курат. Каржылоонун негизги бөлүгүн европалык инвестициялар түзөт», — деди Султанбаев.
Ал стадиондун курулушу болжол менен эки жылда бүтөрүн кошумчалады.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкекте 22,5 миң адам батарлык заманбап жаңы стадиондун курулушу башталарын билдирген.